USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Париж −2024: Суучул Денис Петрашов жарым финалга чыкты

17:58, 30 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Парижде өтүп жаткан Олимпиадада кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов бүгүн, 30-июлда 200 метрге брасс менен сүзүүдө жарым финалга чыкты.

Мелдешке жалпысынан 25 спортчу катышты. Алдын ала жарыштардын жыйынтыгы боюнча эң мыкты 16 спортчу жарым финалга жолдомо алышты. Петрашов 2 мүнөт 10,99 секунд жыйынтыгы менен 16-орунду ээлеп, 1/2 финалга чыкты.

Жарым финал 31-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 02:00до болот. Финалга 8 мыкты спортчу өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18