USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Париж-2024: Эртең Денис Петрашов 200 метрге сүзөт

10:27, 29 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең, 30-июлда Париж Олимпиада оюндарында кыргызстандык суучул Денис Петрашов мелдешке чыгат. Ал 200 метрди брасс ыкмасы менен сүзөт.

Буга чейин 27-июлда Денис Петрашов 100 метрлик жарышта 23-орунга жайгашып, жарым финалга чыга алган эмес.

Белгилей кетсек, Париждеги жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Жайкы Олимпиадагы Кыргызстандан 16 спортчусу катышууда. Алар сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерге катышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18