USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Оштун мэриясы жаңы муниципалдык базарын кура баштады

13:01, 26 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Б. Осмонов көчөсүндө («Мегаполис» соода борборунун маңдайында) жүрүп жаткан муниципалдык базардын курулуш иштерин көрүп чыкты.

Учурда базардын аймагындагы жер тилкесинде курулуш иштерин эки нөөмөттө жүргүзүү үчүн электр мамычалары жана чубалгылары орнотулууда.

Курулуш иштерине 15тен ашык атайын техника тартылган.

Жаңы муниципалдык базарга төрт тараптан жаңы кошумча жолдорду ачуу каралган.

Бул жерде соодагерлер үчүн бардык керектүү шарттар түзүлүп берилет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18