USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Арстанбапта сел 23 машинаны агызып, оорукананы каптады

09:45, 24 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Арстанбапта 23-июлда катуу сел жүрүп, 23 машинаны агызып кеткенин, үйлөрдү, имараттарды, көпүрөлөрдү суу каптаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, саат 20:50гө карата Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында суу бир оорукананы жана соода үйүн, беш көпүрөнү, бир чакырым ички чарбалык жолду каптады.

Мындан тышкары кыян 23 жеңил унааны агызып кеткени белгилүү болду.

«Жерине Арстанбап айыл аймагынан 4 экскаватор, 2 жүктөгүч, 1 самосвал, Жалал-Абад шаардык № 20 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 32 куткаруучу, 2 мотопомпа, Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 9 куткаруучу 2 мотопомпа, Ноокен райондук бөлүмүнөн 6 куткаруучу 2 мотопомпа, Базар-Коргон райондук бөлүмүнөн 22 куткаруучу, 1 мотопомпа, жалпы 77 куткаруучу, 7 мотопомпа тартылды. Кошумча маалымат берилет», — деп билдирди ӨКМ.

Социалдык түйүндөргө тараган видеолордон сел суусу кээ бир автомашиналарды агызып баратканын көрүүгө болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18