USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди

12:16, 18 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Садыр Жапаров «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзам министрлер кабинети тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин, ошондой эле алардын стандарттарын бекитүүдө административдик тоскоолдуктарды азайтуу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин тутумдаштыруу жана түзүү боюнча ведомстволор аралык комиссия институту жокко чыгарылууда жана анын ыйгарым укуктары министрлер кабинетине жүктөлүүдө.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18