USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Москвада эки кыргызстандык зордуктоого шектелип кармалды

15:14, 16 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Москвада эки кызды зордуктаган деген шек менен Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул тууралуу Тергөө комитетинин жергиликтүү башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргызстандыктар «Топтошуп алып зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышкан.

Тергөөнүн версиясына ылайык, окуя 9-июлга караган түнү болгон. Мас абалындагы шектүүлөр Москвадагы батирлердин биринде жакшы тааныш эмес эки кызды зордукташкан. Шектүүлөрдүн бири бул кылмыштуу аракеттерин видеого тартып алган.

Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө эки шектүү тең Орусияда жүргөндө миграциялык мыйзамдарды бузганы аныкталган.

Быйыл январда Кыргызстандын ошол кездеги башкы прокурору Курманкул Зулушев орус түрмөлөрүндө 1 167 кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатканын билдирген. Анда алардын 994ү мекенине которулуудан баш тартканы айтылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18