USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ошто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү Өзбекстандан табылды

13:29, 15 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы 14-июлда Ошто сел агызып кеткен кыздардын биринин сөөгү (7 жаштагы кыз) Өзбекстандын Анжиян шаарынын Шахрихонсой каналынан табылганын билдирди.

Министрлик кыздын сөөгү Кыргызстанга «Достук» чек ара бекетинен өткөрүп алынарын кошумчалады.

Мекеменин маалыматына ылайык, дагы эки аялдын жана эки кыздын сөөгү изделип жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18