USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

13-июлга карата аба ырайы

17:17, 12 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-июлда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөйт, айрым аймактарда жаан нөшөрлөп жашайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +16...+21, күндүз +30...+35,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18...+23, күндүз +30...+35,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28,

Нарын облусунда түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +33...+35 градус болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18