USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Кыргызстан улуттук электр тармагына» 30 атайын техника тапшырылды

16:55, 12 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомуна 30 даана атайын техниканы тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

«30 даана атайын техниканы сатып алууга 180 млн сом бөлүнгөн. 2024-жылы 271 млн сомго 65 даана атайын техника сатып алынды. Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 100 ишкана ачылат. Алардын баары үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз болгондо гана иштей алат. Өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшү сиздердин эмгегиңиздерден көз каранды», — деди Акылбек Жапаров.

Сатып алынган атайын техникалар аймактык бөлүмдөргө жөнөтүлөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18