USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Евро −2024: Англия Голландияны жеңип, финалга чыкты

09:16, 11 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Англия курама командасы футбол боюнча Европа чемпионатынын жарым финалында Голландия командасын 2:1 эсебинде жеңишке жетишип, финалга чыкты.

Дортмунддагы жолугушуу 2:1 эсеби менен аяктады. Жеңүүчүлөр пенальтиден гол киргизген Гарри Кейн (18) жана Олли Уоткинс (90+1) голдорун киргизишти. Голландиядан Хави Симонс (7) гол киргизди.

. Англия курамасы өз тарыхында экинчи жолу Европа чемпионатынын финалына чыкты. Евро-2020да британиялыктар чечүүчү беттеште италиялыктарга утулуп калды (1:1, 2:3 пенальти).

Белгилей кетсек, Берлинде Евро-2024 финалында Англия Испания менен ойнойт. Жолугушуу жекшемби күнү, 14-июлда болот. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 01:00дө башталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18