USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Демилгени колдоо: Эмгек министрлигинин кызматкерлери автобус менен жүрө башташты

10:18, 10 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынын жана ведомстволук мекемелеринин кызматкерлери мэриянын демилгесин колдоп, жумасына эки жолу жөө же коомдук транспорт менен ишке чыга башташты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Демилгенин максаты — Бишкек шаарындагы жол тыгындарын азайтуу жана экологиялык абалды жакшыртуу.

Эскерте кетсек, буга чейин Айбек Жунушалиев шейшемби жана бейшемби күндөрү кол алдындагыларга жеке унааларды колдонууга тыюу салган. Алар жумушка жана үйгө жетүү үчүн коомдук транспортту колдонушу керек.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18