USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандык ММА мушкери кармалган видео таркады

15:21, 09 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык ММА мушкери Марсель Нурланбек уулу Instagram баракчасына тапанча алып чыгып, аны жүктөп, атып жаткан видеосун жарыялаган.

Видео кайсы жерде жана качан тартылганы белгисиз. Спортчу азыр Орусияда. КР Ички иштер министрлиги видеону изилдей турганын билдирди. Ал арада спортчу видеону баракчасынан өчүрүп салган.

Ошол эле маалда интернетте россиялык ОМОНдун формасына окшош атайын кийим кийген адамдар Марсель Нурланбек уулу менен дагы эки кишини кармап жатканы тууралуу видео пайда болгон. Алар жерге жаткырып, форма кийген адамдар колдорун толгоп жатканын көрүүгө болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18