USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Евро-2024: 1/4 финалынын бардык жуптары аныкталды

09:04, 03 июля 2024, Бишкек - 24.kg

2024-жылкы Европа чемпиондугунун 1/8 финалынын Австрия менен Түркиянын улуттук командаларынын акыркы оюну аяктап, анда Түркия курама командасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Ошентип Евро-2024 чейрек финалынын бардык жуптары аныкталды.

2024-жылкы Европа чемпионатынын чейрек финалынын жуптары:

5-июль. Испания — Германия;

5-июль. Португалия — Франция;

6-июль. Нидерланды — Түркия;

6-июль. Англия — Швейцария.

Эске сала кетсек, алгачкы оюн күнүнүн матчтарынын жеңүүчүлөрү биринчи жарым финалдык жупту түзүшөт, ал эми кийинки күнү жарым финалчылардын экинчи жуптары аныкталат.

Жарым финалдык беттештер 9 жана 10-июлда болот. Финал 14-июлда Берлиндеги Олимпиада стадионунда өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18