USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Евро-2024: 1/8 финалынын биринчи жуптары аныкталды

09:06, 25 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Германияда өтүп жаткан 2024-жылы футбол боюнча Европа чемпионатынын 1/8 финалынын биринчи жуптары белгилүү болду.

Ошентип Италия курама командасы Евро-2024тун 1/8 финалында Швейцария менен ойнойт. Беттеш ишемби күнү, 29-июнда Берлиндеги Олимпиастадиондо өтөт.

Евро-2024 тайпалык баскычынын акыркы турунда Италия Хорватия менен тең ойноп (1:1) плей-оффко жолдомо алды жана В тайпасында экинчи орунду ээледи. Швейцария «А» квартетинде экинчи орунду ээледи.

Эске сала кетсек, Италия курамасы учурдагы Европа чемпиону.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18