USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкек — Ош унаа жолу ачылды

09:33, 24 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек — Ош унаа жолу бүгүн, 24- июнда саат 8:00дө толук тазаланып, эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ аталган унаа жолдун 374-375-чакырымында нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүп, 6 тилкеден таш кулап жолду жаап калган.

Жеринде түнү менен Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жалпы 5 техника тартылып, жолду тазалоо иши жүрдү.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18