USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жибек-Жолу проспектисинин түштүк тарабындагы бир бөлүгү жабылат

17:31, 21 июня 2024, Бишкек - 24.kg

23-июндан тарта Бишкектин Жибек-Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол оңдоо иштери бир нече этап менен ишке ашат. Ага ылайык аталган көчө, капиталдык оңдоонун биринчи этабында Тоголок Молдо көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейин жолдун түштүк тарабы жабылат.

Белгилей кетсек, унаа тыгынын алдын алуу максатында жолдун түндүк жана түштүк тарабы өз-өзүнчө жасалат.

Негизи, Жибек-Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт. Жалпы узундугу 3,2 чакырым.

Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү жабылат

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18