USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргыз наркы: Польшадагы мелдештин финалында Бейшекеев жеңишти Исмаиловго берди

09:35, 21 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Амантур Исмаилов менен Раззак Бейшекеев Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open атындагы эл аралык турнирдин финалына чыгып, алтын үчүн бири-бири менен күрөшмөк.

Ошентип, финалдык беттеште кыргыз балбандары күрөшпөстөн, Раззак Бейшекеев кичүү болгондугуна байланыштуу улууга урмат көрсөтүп Амантур Исмаиловго жеңишти берди. Ошентип Исмаилов алтын, Бейшекеев күмүш медалдын ээси болду.

Мелдештер 19-июнда башталып, 24-июнга чейин Польшанын Варшава шаарында уланып жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18