USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Апамдын каттамасы» жаңыча жасалат. Эскиздери иштелип чыкты

15:13, 20 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлгө бара жаткан жолдогу «Апамдын каттамасы» аталышындагы белгилүү жайдын жаңы эскиздери иштелип чыкты. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек-Балыкчы-Торугарт унаа жолунун 110-чакырымындагы коомдук тамактануучу жайлардын ээлери менен имараттардын сырткы фасадын иретке келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Долбоор боюнча 5 тамактануучу жай буздурулат жатат жана эскиздер боюнча кайра курулат.

Боом капчыгайына кире бериштеги «Апамдын сүт чайы» же «Апамдын каттамасы» деген бренд менен таанылган тамактануучу жай темир жолдун аймагында жайгашканы үчүн Чолок айылына көчүрүлгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18