USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстандагы алгачкы VAR системасы тесттен ийгиликтүү өттү

14:15, 20 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 20-июнда Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда Кыргызстандагы алгачкы VAR — калыстарга видео жардам системасынын тестти болду. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Аталган системанын тестирлөөсү «Барселона» футбол академиясынын жана «Мурас-Юнайтед» жаштар U-16 командалардын оюнунда орун алды.

Тестирлөө Азия футбол конфедерациясынын VAR боюнча өзбекстандык адис Саидов Жахонгир, Кыргыз футбол биримдигинин Калыстар бөлүмүнүн өкүлдөрү Спартак Даниленко жана Скопинцев Артемдун жетекчилиги алдында өттү. Адистердин айтымында, тестирлөө ийгиликтүү болду.

Эскерте кетсек, расмий түрдө бул система Борбор Азиянын футбол ассоциациясынын U-20 жаштар чемпионатында колдонулат. Эл аралык турнир 5-13-июль күндөрү Жалал-Абаддын «Курманбек» стадионунда алты өлкөнүн курамалардын катышуусунда өтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18