USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

УКМК казакстандык ишкерге козголгон кылмыш ишин токтотту

11:13, 20 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Казак ишкери, «Вертек Голд» компаниясынын ээси, издөөдө жүргөн Владимир Жуманбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өзү келген. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, УКМК Камчы Көлбаевди уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деп айыптап, чет элдик ишкерге издөө салган. Күч кызматкерлери 2021-жылдан 2023-жылга чейин Жуманбаевдин компаниясы уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоо үчүн Камчыбек Көлбаевге ай сайын 1 миллион сом которуп турган деп ишендиришти.

Кечээ ишкер өзү УКМКга келип, тергөөчүлөр менен бирге бир катар тергөө жана ыкчам иш-чараларга катышкан. УКМК Жуманбаев Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси жок экенине бардык далилдерди келтиргенин белгиледи. Ага коюлган айыптардын баары алынып, кылмыш иши токтотулган

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18