USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте өрт чыкты. 30 адам эвакуацияланды

15:15, 18 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Көп кабаттуу үйдөн 30га жакын адам эвакуацияланып, анын жанындагы сарай күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча 350 чарчы метр аянт күйгөн.

«Өрт сарайдан 3 кабаттуу үйдүн чатырына өткөн. Өрттү өчүрүү иштери уланууда», — деп билдирди ӨКМ.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин Тыныстанов көчөсүндө сарай өрттөнүп жатканы маалымдалган. Өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү бригада тартылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18