USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Балыкчыда мыйзамсыз мекчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

17:38, 13 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бала бакчанын имараты

Балыкчы шаарында мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткен бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарынын прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен социалдык объектилерине карата текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен Балыкчы шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 5650 чарчы метр түзгөн бала бакчанын имараты жер тилкеси менен прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мамлекеттин эсебине алынды. Ал эми мурунку ээлеринин мыйзамсыз менчик укугу белгиленген тартипте жокко чыгарылган.

Белгиленгендей, аталган имарат 52 млн 360 миң сомго бааланган.

Мындан ары, социалдык объект ѳзүнүн багыты боюнча мектепке чейинки мекеме болуп пайдаланылат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18