USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

ЖК Жылдыз Полотованы эмгек министри кызматына талапкерлигин колдоду

11:28, 12 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 12-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Жылдыз Полотованы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына талапкерлигин жактырды.

Жылдыз Полотованы министр кылып дайындоого 82 депутат макулдугун берди. Ал аталган министрликте башкы адис, министрдин орун басары, өкмөттүн аппаратында эксперт, кайрадан министрдин орун басары болуп иштеп келген.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаровдун 7-июндагы жарлыгы менен Гүлнара Баатырова башка ишке өткөнүнө байланыштуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18