USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бүгүн Бишкекте Иран киносунун жумалыгы башталат

10:28, 12 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 12- июнда Бишкек экинчи эл аралык кинофестивалдын алкагында Иран киносунун жумалыгы башталат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жумалыктын ачылышы 12- июнь күнү саат 13:00 Бродвей (Азия Молл) кино театрында башталат.

Иш-чаранын алкагында Ирандык режиссерлордун 5 тасмасы көрүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт:

12 июнь:

— 13:30 — «Алдын ала келишим жок» (2022), режиссер Бехруз Шоайби;

13 июнь:

— 10:30 — «Капитан» (2023), режиссер Мохаммад Хамзеи;

— 13: 00 — «Факультеттеги экинчи курсум» (2019), режиссер Расул Садыр Амели;

14 июнь:

— 10: 30-" Дельфин бала " анимациялык тасмасы (2022), режиссеру Мохаммад Хейрандиш, Андрей Гоголев;

— 13: 30 — «Кыздар тобу» (2022), режиссер Монир Гейди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18