USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси дипломатиялык миссиясын аяктады

14:54, 11 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 11-июнда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министр элчини келе жаткан мамлекеттик майрамы — Россия күнү менен куттуктап, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жасаган иши жана жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, Россиянын элчиси болуп иштеген мезгилде эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине көтөрүлгөн.

Ж. Кулубаев Николай Удовиченкону башкармалыктын юбилейлик медалы менен сыйлады

Тараптар жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн, ошондой эле ушул жылы июль айында Красноярск шаарында боло турган Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиясынын 25-жыйынына жана XI кыргыз-россиялык аймактар-аралык конференциясына даярдык көрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи Удовиченко кыргыз тарапка өз милдеттерин аткарууда көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташууну мындан ары да тереңдетүү үчүн күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев элчи Николай Удовиченкону кыргыз-россиялык мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн КР Тышкы иштер министрлигинин юбилейлик медалы менен сыйлады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18