USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт

10:19, 11 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, эртең, 12-июнда саат 10:00дөн 22:00гө чейин Масалив — Айтматов — Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта суу берүү токтотулат.

Суу берүү токтотулат

Бул убакта «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы диаметри 300 мм болгон суу түтүгүн оңдоо иштерин жүргүзөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18