USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кайра шайлоо. Үч округ боюнча үгүт өнөктүгү башталды

12:31, 10 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн № 5 Ноокат, № 36 Ысык-Көл жана № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 2024-жылдын 29-юнунда саат 08:00дө аяктайт.

Аталган округдар боюнча шайлоого 29 талапкер катышууда, анын ичинен экөө аял.

Жалпысынан мөөнөтүнөн мурдай шайлоого 44 талап катышуу тууралуу арыз берген, анын ичинен 12 талапкер катышуудан баш тартып, 3 талапкерди каттоо жокко чыгарылды.

Эске салсак, үч округ боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнга белгиленген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18