USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстан — Малайзия беттешин иорданиялык калыс башкарат

15:13, 06 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 6-июнда Кыргызстан — Малайзия футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешин иорданиялык калыс башкарат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2026-Дүйнө Чемпионаты жана 2027-Азия Кубогу алкагында өтө турган бүгүнкү Кыргызстан — Малайзия улуттук курамалардын беттешинин калыстар тобун иорданиялык калыс Адхам Мухаммад башкарат.

Башкы калыска каптал сызыктарда анын мекендештери Мухаммад Мустафа жана Ахмад Муанесс жардам беришет. Реда Али (Ливан) оюндун резервдик калысы болот.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 21:00дө башталат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18