USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Депутат Арсланбек Малиев Бишкекке метро курууну сунуштады

11:53, 06 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында метро куруу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июндагы парламенттин жалпы жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев билдирди.

Анын айтымында борбор калаада унаа тыгындары аябай көп болуп жатат. Бирок мындай тыгындар жолдордун оңдоп -түзөөсүнө байланыштуу эмес .

" Президент учурда жакшы иштерди кылып жатат. Бирок, эл деген эл экен да. Эми метро салынса, деген ойлорун айтышууда. Орусия, Кытай же башка өлкөлөр менен дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек. Метрону салгандан кийин 20-30-жыл колдоносуңар деп берип койсо болот. Министрлер кабинети ушундай келишимдерди караса", — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18