USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкектеги Свердлов бир мандаттуу округунда шайлоо 30-июнда өтөт

10:11, 06 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаттыгына Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоо 30-июнда өтөт. Бишкек мэриясында мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын катышуусунда шайлоо штабы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда 2024-жылдын 30-июнуна белгиленген Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоону өткөрүү маселеси талкууланды.

Нуржан Шайлдабекова учурда талапкерлерди каттоо жүрүп жатканын, ал 10-июнга чейин улана турганын билдирди. Андан кийин маалымат кампаниясы башталат.

Өз кезегинде Мирланбек Байгончоков тиешелүү кызматтарга шайлоо участкаларынын коопсуздугун камсыздоо, материалдык-техникалык жана транспорт жактан камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18