USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Килиан Мбаппе «Реалда» кайсы номер менен ойной турганы белгилүү болду

17:41, 04 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Атактуу чабуулчу Килиан Мбаппе «Реал Мадрид» клубунда кайсы номери астында ойной турганы белгилүү болду. Бул тууралуу журналист Фабрицио Романо билдирди.

Маалыматка ылайык, 25 жаштагы франциялык футболчу Мадридде 9-номер менен ойнойт. Ал эми Мбаппе Франция курамасында ойногон 10-номерди берүүнү Модричтен суранган эмес. Бирок, хорватиялык футболчу Мадрид клубунан кеткенден кийин чабуулчу кайрадан он номерин алуусу күтүлүүдө.

Ал эми 21-кылымда Фернандо Мориентес, Роналду, Роберто Солдадо, Хавьер Савиола, Криштиану Роналду жана Карим Бензема «Реал Мадрид» клубунда 9-номерди кийип жүрүшкөн.

Кечээ, «Реал» клубу Килиан Мбаппе менен беш жылдык келишимге кол койгонун расмий жарыялаган. Француз оюнчусу 100 миллион евро кол коюу бонусуна ээ болот жана салыктарды төлөгөндөн кийин анын жылдык маянасы 15 миллион еврону түзөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18