USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Мадриддик «Реал» Килиан Мбаппенин өткөндүгүн расмий жарыялады

09:11, 04 июня 2024, Бишкек - 24.kg

«Реал Мадрид» клубу расмий түрдө француз футбол жылдызы Килиан Мбаппенин клубга өткөндүгүн жарыялады.

Маалым болгондой, 25 жаштагы форвард менен келишим беш сезонго түзүлгөн.

«Биздин команданы 2018-жылы дүйнө чемпиону, 2021-жылы Улуттар Лигасынын чемпиону деп табылган Франция курама командасынын капитаны мыкты оюнчу толуктайт», — деп айтылат Реал Мадриддин билдирүүсүндө.

Эске салсак, 11-майда Мбаппе «Пари Сен-Жерменден» кеткенин жарыялаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18