USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларуска келди

19:20, 03 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Беларустун Минск шаарына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жумуш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышат.

 

Акылбек Жапаров ошондой эле «Белагро-2024» эл аралык адистештирилген көргөзмөсүнө барат жана көргөзмөнүн алкагында өтүп жаткан «Евразия экономикалык биримдигинин азык-түлүк коопсуздугу» пленардык сессиясына катышат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18