USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты 8-мартты иш күнү деп жарыялоону сунуштады

15:06, 03 июня 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев 8-март аялдардын эл аралык күнүн иш күнү катары белгилөөнү сунуштады.

Ал ошондой эле Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине Курман айтты майрамдоо үчүн үч күн эс алууну керектигин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын калкынын 90 пайызы мусулмандар.

Эмгек министринин орун басары Жыпариса Рыспаева депутаттын пикирине кошулуп, бул мүмкүнчүлүктү карап көрүүнү убада кылды.

Эске сала кетсек, быйыл Курман айт 17-июнда белгилешет. Бул күн министрлер кабинетинин токтому менен дем алыш күн катары бекитилген. Майрам дүйшөмбүгө туура келет. Бул кыргызстандыктар үч күн катары менен — 15, 16 жана 17-июнь күндөрү эс алат дегенди билдирет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18