USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Депутат Ош — Стамбул аба каттамын калыбына келтирүүнү сунуштады

12:19, 30 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Ош — Стамбул аба каттамын тез арада калыбына келтирүүнү сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 30-майда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

«Азыр Европанын бардык булуң-бурчтарынан, АКШдан жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн Стамбул аркылуу Кыргызстанга учуп келишет. Америкада эле 50-60 миң кыргызстандык бар. Алар Бишкекке 20 сааттай учуп келерин айтышты. Андан кийин борборубузда Ошко которуу үчүн 3-4 саат күтүшөт. Мындан тышкары түштүк борбордон Стамбулга бир гана мекендештерибиз эмес, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары да учуп келишкен», — деди депутат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18