USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Париж −2024: Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Олимпиада оюндарына катышат

18:18, 29 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал мекендештеринин арасында эң жогорку рейтингге ээ болгон дзюдочу катары Эл аралык федерациянын эрежеси боюнча Олимпиада оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Эскерте кетсек, буга чейин дзюдочу Эрлан Шеров Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өткөн дүйнө чемпионатында коло байге утуп, быйыл жайында Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алган.

Кубанычбек Айбек уулу

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18