USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кыргызстанга дүйнөдөгү эң чоң «Харли-Дэвидсон» мото клубунун өкүлдөрү келет

10:54, 29 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Дүйнөдөгү эң чоң «Харли-Дэвидсон» мото клубунун өкүлдөрү бүгүн, 29-майда Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык баракчасына жазды.

Анын айтымында, туристтик сезон мына ушундай жагымдуу окуя менен башталганы турат.

«Дүйнөдөгү мото сүйүүчүлөрдүн арасындагы эң чоң болуп Кытайдагы «Харли-Дэвидсон» клубу саналат. Анын курамын кытайлык ири компаниялардын жетекчилери, ишкерлер жана белгилүү блогерлер түзөт. Алар жыл сайын дүйнөнү кыдырып, туристтик жайларды көрүп, барган өлкөнүн меймандостугун, кооздугун, артыкчылыктарын дүйнөгө, миллиард калкы бар кытай элине жарнамалап таанытышат. Аталган клубдун өкүлдөрү өздөрүнүн мото унаалары менен бүгүн Кыргызстанга келишет. Алдыңкы күндөрү Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарын кыдырып, Торугарт аркылуу Кытайга кайтып кетишет. Кош келиңиздер кымбаттуу кытайлык достор!», — деп жазды ал.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18