USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкекте Кыргызстан менен Малайзиянын футбол курамалары беттешет

15:30, 28 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 6-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча Кыргызстан жана Малайзия улуттук курамаларынын беттеши өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган оюн 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын квалификациялык экинчи раундунун бешинчи турунун алкагында өтөт. Беттеш саат 21:00дө башталат. Ал эми көрүүчүлөр үчүн стадион саат 19:00дөн баштап ачык болот.

Күйөрмандарды стадиондо семплинг зонасы, фудкорт, мерч сатуулары жана баалуу белектер менен ойноло турган конкурстар күтөт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18