USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Камчыбек Ташиев көп балалуу жалгыз бой энеге батир белек кылды

08:31, 28 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Токмок шаарында жашы жете элек сегиз баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой эне Айжан Бакаловага үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, материалдык жактан оор абалда жашы жете элек сегиз баласын жалгыз тарбиялап жаткан КР жараны А.Бакалова буга чейин Камчыбек Ташиевге турак жай берүү маселесин кароо өтүнүчү менен кайрылган. Анткени, көп балалуу үй-бүлөнүн үй-жайы жок болгондуктан, көп жылдар боюу турмуштук кыйынчылыктарды башынан кечирип келген.

Мындан улам Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен көп балалуу үй-бүлөгө Токмок шаарынын кичи райондорунун биринен, бардык тиричилик шарттары жана эмерек буюмдары менен жабдылган үч бөлмөлүү батир тапшырылды.

Өз кезегинде Бакалова аталган батирдин ачкычы үй-бүлөсүнө балдарды коргоо күнүнүн алдында тапшырылганына өзгөчө токтолду. Буга байланыштуу УКМК төрагасына көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18