USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жыргалаң суусуна түшүп кеткен кыздарды издөөгө 218 адам чыкты

17:15, 20 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң суусуна түшүп кеткен эки кызды издөө улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, издөө иштерине жалпысынан 218 адам чыкты. Алардын арасында ӨКМдин куткаруучулары, суучулдары жана жергиликтүү тургундар бар. Ошондой эле үч моторлуу кайык, бир скутер жана сегиз кайык тартылды.

Буга чейин Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң суусуна алты жана жети жаштагы эки кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18