USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Чудиновду дирекциянын жетекчиси кылып дайындоо жөнүндө буйрук жокко чыгарылды

17:33, 14 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Игорь Чудиновду «Курулуп жаткан электр станциялар» дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook баракчасында билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров Конституциянын 89-беренесинин 3-пунктуна ылайык энергетика министри Таалайбек Ибраевдин буйругун жокко чыгарды. Ошону менен бирге, энергетика министрине аталган чечимди кабыл алууда мамлекет башчысына тийиштүү маалымат бербегендиги үчүн эскертүү берилди.

«Энергетика министринин башка буйругу менен аталган ишкананын башкы адиси Равшанбек Касымов «Курулуп жаткан электр станциялар» дирекциясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды», — деп жазган Аскат Алагөзов.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18