USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Чыгыш-5» кичи районундагы Royal Sport комплексинин ордуна бала бакча ачылат

12:57, 14 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары «Мектепке чейинки билим берүү мекемесин уюштуруу үчүн тиешелүү жер тилкеси менен административдик имаратты муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө» токтом долбоорун жактырды.

Токтомдун долбоорунда бала бакчанын дареги катары «Чыгыш-5» кичи району, 18/1 үйү көрсөтүлгөн. Мурун ал жерде Royal Sport комплекси болгон. Instagram тармагындагы баракчасында белгиленгендей, эки жыл мурун ал «масштабдуу реконструкцияга» жабылган.

Буга чейин мэрия бала бакчаны реконструкциялоо иштери башталганын билдирген. Ал болжол менен 500 орундуу болот.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18