USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ошто 300 орундуу оорукана курулат

10:25, 06 мая 2024, Бишкек - 24.kg

Ошто бүгүн, 6-майда оорукананын курулушуна капсула салынат. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, ал 300 орунга ылайыкталган. Курулуш иштери Шаардык клиникалык оорукананын аймагында бюджеттик каражаттын эсебинен жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин саламаттык сактоо министри Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2023-2024-жылдарга карата бюджетин кароодо министрлер кабинетинин тапшырмасы менен 20, 100, 200 жана 300 орундуу ооруканалар куруларын айткан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18