USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Ысык-Көлдө Индиянын эки жараны сууга чөгүп кетти

11:38, 24 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көлдө Индиянын жарандары каза болду. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеме билдиргендей, 112 кызматына Чолпон-Атадагы «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинде эки адам сууга чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар Индиянын жарандары.

Окуя болгон жерге ӨКМдин беш куткаруучусу тартылган. Алар бир адамдын сөөгүн суудан алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Экинчи адамдын сөөгүн жергиликтүү тургундар алып чыгышкан.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18