USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Силикон өрөөнүндө Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйү ачылды

12:06, 22 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапарынын алкагында Сан-Франциско шаарында (АКШ) Силикон өрөөнүндөгү Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйүнүн ачылыш аземине (HTP House in Silicon Valley) катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Ачылышка эл аралык технологиялык корпорацияларда иштеген кыргызстандык IT-адистер катышты.

Иш-чарада чыгып сүйлөгөн Акылбек Жапаров бул окуянын маанилүүлүгүн белгиледи.



«Силер, IT-компанияларда иштеген жаштар, өлкөбүздүн сыймыгысыңар. Силердин инновацияларыңар, талантыңар жана берилгендигиңер бизди дүйнөлүк аренада күчтүүрөөк жана атаандаштыкка жөндөмдүү кылат. Көбүңөр дүйнө жүзү боюнча чоң компанияларда иштешет жана биз силер менен сыймыктанабыз. Кыргызстанда өнүктүрүү борборлорун ачууга сиздердин компанияларды тарта алсак абдан жакшы болмок. Биз сиздерге, сиздердин мүмкүнчүлүктөрүңүзгө ишенебиз жана ийгиликке жетүү жолуңуздун ар бир этабында сиздерди колдоого даярбыз», — деди ал.

Акылбек Жапаров мамлекет IT-индустриясын өнүктүрүү боюнча демилгелерди колдоого даяр экенин белгилеп, министрлер кабинетинин максаты — өлкөбүздү IT тармагын өнүктүрүү үчүн эң мыкты жерге айландыруу экенин кошумчалады.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18