USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Омск шаарынан Кыргызстанга эл аралык автобус каттамдары жанданат

09:40, 19 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Омск шаарынан Кыргызстанга эл аралык автобус каттамдары жанданат. Бул тууралуу «Омскоблавтотранс» ишканасынан билдиришти.

Белгилей кетсек, жүргүнчүлөр Бишкекке 37 саатта жете алышат.

Эл аралык автобус каттамдары апрелдин аягында жүрө баштайт. Алдыдагы каттамдар 29-апрелге жана 14-майга пландалган.

Белгилүү болгондой, билеттин баасы 6 миң рублди түзөт. Транспорт Омск автобекетинен саат 20:00дө чыгат. Болжолдуу жол жүрүү убактысы 37 саат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18