USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

«Тазалык» таштандыларды саат 19.00дөн кийин чыгарууну сунуштады

14:11, 15 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

«Тазалык» таштандыларды саат 19.00 дөн кийин чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында таштанды чыгаруу процессин оптималдаштыруу жана жол кыймылына терс таасирин азайтуу максатында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таштанды чыгаруу үчүн эко баштыктарды таратууда.

Ар бир баштыкта: «Таштандыларды саат 19:00дөн 24:00гө чейин чыгаруу сунушталат» деп жазылган.

Мэрия бул чаралар жарандарга ыңгайсыздыктарды жаратып жаткан жол тыгынына каршы күрөшүүнүн алкагында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.



«Таштандыларды кечинде чогултуу жол тыгындарын азайтууга гана жардам бербестен, чыгымдарды да азайтат», — деп белгиледи мэрия.

Эскерте кетсек, 2023-жылдын ноябрында мэр Айбек Жунушалиев катуу тиричилик таштандыларын чыгаруунун сааттарын белгилөөнү, ошондой эле калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сунуш киргизүүнү тапшырган. Мэрия таштандыларды саат 19.00дөн 00.00гө чейин чыгаруу коммуналдык кызматтарга мэрия тарабынан бекитилген графикке ылайык, башкача айтканда, 7.00гө чейин чыгарууга мүмкүндүк берерин айткан. 24.kg агенттигинин редакциясы окурмандардын арасында сурамжылоо жүргүзүп, көпчүлүгү мэрдин демилгесин колдогон эмес.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18