USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

11:04, 04 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.

Сынак Мамкурулуштун Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланган.

Бул максатка 86 миллион 230 миң 872 сом сарптоо пландалууда.

Окуу жай музыка мугалимдерин, музыка жетекчилерин, башталгыч класстардын мугалимдерин, дене тарбия жана мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоочуларды даярдайт.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18