USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Жаны абоненттерди кошууга байланыштуу Новопавловка айылында үч күн газ болбойт

11:13, 02 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Новопавловка айылында 3-5-апрелде жаңы абоненттерди газ менен камсыздоо боюнча өндүрүштүк иштер пландаштырылган. Бул тууралуу «Бишкекгаздан» билдиришти.

Буга байланыштуу Абаканский, Сарыкулаков, Красноводский, Алыкулов, Камчатская, Дэн Сяопин, Фрунзе, Киров, Ворошилов көчөлөрү менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.

«Бишкекгаз» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерден убактылуу энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүнү суранат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18