USD87.45EUR96.10RUB1.06
24.kg

Кадамжай районундагы «Халмион» базарында өрт чыкты

10:59, 01 апреля 2024, Бишкек - 24.kg

Кадамжай районунун Жеңиш айылындагы «Халмион» базарында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, базарындагы контейнерден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоо жалпы аянты 2 миң 380 чарчы метр аянтты камтыган. Өрттү өчүрүүгө жалпы үч күжүрмөн эсеп тартылды. Кырсыктын келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдар такталууда. Жабыркагандар жок.

ӨКМдин маалыматы боюнча, өткөн сутка ичинде Кыргызстандын аймагында жалпысынан 12 өрт кырсыгы катталды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18